16:51
USD 87.45
EUR 101.71
RUB 1.12

Атамбаев Путинди «Манас» ордени менен сыйлады

Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путинди «Манас» орденинин I даражасы менен сыйлады. Бул боюнча президенттин маалымат кызматы кабарлайт.
 
Маалыматта Россия жетекчиси «Кыргызстан менен Россиянын алакасынын өнүгүүсү жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн бекемделишине кошкон салымы үчүн» сыйланары айтылат.
 
Белгилей кетсек, «Манас» орденинин I даражасын алуу үчүн III жана II даражалардуу алуу керек. Өзгөчө учурда гана президент дароо эле I даражаны ыйгара алат.
 
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар