05:44
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Өлкө ичиндеги аба каттамдарга билет баасы арзандайт

Өлкө ичиндеги аба каттамдарга билет баасы арзандайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, министрлик авиакомпанияларга ички каттамдарга акыны 4,5 миң сомдон көтөрбөөнү буйруган.

«Биз аларга чектөө киргизе албайбыз. Авиакомпаниялар өзү чечет. Бирок, арзандатуу сунушун киргизгенбиз. Бир айдын ичинде билет акысы төмөндөп калат. Негизинен бул атаандаштыкка байланыштуу», — деди ал.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби