15:42
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Кара-Жыгач айылындагы жол кырсыгында үч киши набыт болду

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы жол кырсыгында үч киши набыт болду. Бул тууралуу ИИМдин жол кайгуул кызматы кабарлайт.

Алардын маалыматында, «Тойота Камри» уунасы Фрунзе көчөсүндө бара жатып, алты кишини сүзүп кетти. 1972-жылы туулган аял кырсык болгон жерде мерт кетти. Дагы экөө ооруканада көз жумду. Анын бири жети жашар бала болчу. Дагы үч киши ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилди.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, айдоочу мас абалда болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар