2017-жылдын алты айында Россияда кыргыз мигранттары 1 миң 419 кылмыш жасады. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы өкүлү Яна Шарахова билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы кыргыз мигранттары тарабынан жасалган кылмыштардын саны 7,6 пайызга кыскарды.
«Кыргыз мигранттары аралашкан кылмыштардын 85и экономикалык, 55и маң затка байланышкан, 11 террордук акт жана талап-тоноо» — деди Яна Шарахова.
Анын билдирүүсүндө, Кыргызстандын жарандары жасаган кылмыштар Россияда иштеген мигранттар тарабынан катталган мыйзам бузуунун 6,7 пайызын түзөт.