06:15
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жыл сайын 50 миң кыргызстандык эмгек миграциясына кетет

Жыл сайын 50 миң кыргызстандык чет жакка иштөөгө кетет. Бул тууралуу бүгүн коомдук кенештин жыйынында Кыргызстандагы 2016-2017-жылдардагы миграция боюнча бирдиктүү докладдын жумушчу тобунун мүчөсү Александр Коак билдирди.

Анын маалыматында, 710 миң жаран чет жакта иштөө. Анын 616 миңи Россияда, 30 миңи Казакстанда, 14 миңи Түштүк Кореяда, 30 миңи Түркияда жана 20 миңи башка өлкөлөрдө иштешет.

Александр Кок мигранттардан акчалай которуулар көбөйүп жатканын айтты.

«2015-жылы 1 миллиард 683 миллион доллар 2016-жылы андан 300 миллионго көп которулган. 2017-жылдын 8 айында 1,5 миллиард доллар акча жөнөтүлдү», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума