13:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

РБК: Путиндин президенттик шайлоого катышары аныкталды

Владимир Путин 2018-жылдагы шайлоого катышмай болду. Бул тууралуу РБК федералдык чиновникке шилтеме берүү менен билдирди.

Путиндин президенттик шайлоого катышарын качан жана кантип жараялары тууралуу Кремлдин бир нече сценарийи бар. Басылманын маектешинин билдиришче, бул Федерация Кеңеши шайлоону дайындаганга чейин же андан кийин болушу ыктымалы. Мыйзам боюнча кампания тууралуу чечим 7-17-декабрь аралыгына чейин кабыл алынышы керек. Кремлге жакын булактын билдиришинче, президенттин ниети декабрдын экинчи жарымына белгиленген “Бирдиктүү Орусия” жана “Бүткүл орусиялык элдик фронттун” съеддине чейин жарыяланат.

Бүгүн эле Кремлде Орусия президентинин Федаралдык жыйынга кайрылуусу декабрдан келерки жылдын февралына жылдырылышы ыктымалдыгы талкууланып жатканы кабарланды. Бирок Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул кабарды тастыктап же чекке каккан жок.

Басылманын талдоочуларынын пикиринде, кайрылууну жылдыруу Путиндин президенттик кампаниясына байланышуу болушу ыктымал.

Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылы мартта өтөт. Буга чейин саясий өнөктүккө катышуу ниетин Алексей Навальный, ЛДПР лидери Владимир Жириновский, "Яблоко" партиясынын негиздөөчүсү Григорий Явлинский жана теле алып баруучу Ксения Собчак билдирген. Владимир Путин жаңы мөөнөткө барарын расмий түрдө жарыялай элек.

Эң көп окулган жаңылыктар