10:34
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Нью-Йорктогу терактка Өзбекстандын жараны шектелүүдө

АКШнын Нью-Йорк шаарынын Төмөнкү Манхэттен аймагында жүк ташуучу автоунаа велосипед тебүүчүлөрдүн атайын жолуна кирип барып, бир нече кишини тебелеп кетти. Бул кол салуунун айынын алты киши дароо набыт болуп, эки киши кийинчерээк ооруканада көз жумду жана кеминде 11дей киши жаракат алды. Полиция кол салган айдоочуну курсагына атып, колго түшүрдү.

Кол салууга шектүү жаран 29 жаштагы Сайфулло Саипов экени аныкталды. Ал бир нече жыл мурун Өзбекстандан АКШга келгени кабарланууда. Буга чейин Флорида жана Нью-Жерси штаттарында жашаган.

Окуя Хеллоун майрамынын урматына оюн-зоок болот деп жаткан жайга чукул жерде болду. Окуянын күбөлөрү атылган октордун доошун жана «Алла – баарынан улук» ("Алла акбар!") деп арапча кыйкырган үндү угушкан. Ал жерде мектеп окуучуларын ташыган автобус да турган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби