07:52
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Апта аягында аба-ырайы өзгөрөт

Кыргызстандын аймагында 3-ноябрда күндүз жана 4-5-ноябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

4-5-ноябрда абанын температурасы төмөндөйт.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1...6°, күндүз 6...11° жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2...7°, күндүз 10...15°, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн 0...5°, күндүз 5...10°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8° суук, күндүз 3...8° болот.