06:20
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мектеп мугалимдери орточо 2300-2500 сом менен пенсияга чыгат

Мектеп мугалимдери орточо 2300-2500 сом менен пенсияга чыгат. Бул тууралуу Социалдык фонддун башчысы Тензибек Абжапаров Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2000-жылга чейин мугалимдердин айлыгы өтө төмөн болгондуктан пенсия өтө аз болчу.

«200-жылга чейин айлык акы 845 сом болсо, анын 345 сому социалдык фондко чегерилген. 2011-жылдан бери маяна менен бирге, социалдык фондко төлөм да көбөйдү. Демек, пенсия дагы жакшы болушу керек», — деди ал.

Социалдык фонддун маалыматында, Кыргызстанда орточо пенсия 5 миң 708 сом.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума