15:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Канттагы ата-энелер мектепте мугалимдин жоктугуна нааразы болушууда

Канттагы № 4 мектеп-гимназияда 2-чейректен бери орус тили жана адабияты сабагы мугалимдин жоктугуна байланыштуу өтүлбөй келет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.

«Экинчи чейректен бери 6-«В» жана «Г» класстары орус тили жана адабиятын окуша элек. Информатиканы мектептин катчысы өтөт. Сабак толугу менен өтүлбөйт, мугалим мектептин башка иштери менен да алек», -деп билдиришти окурмандар.

Ата-энелердин айтымында, мектепте балдарды билими боюнча айырып карашууда. Гимназиянын окуучулары үчүн мугалимдер жана китептер жетиштүү, ал эми жөнөкөй класстын окуучуларына эч нерсе жок.

«Жакында предметтик тест болот. Биздин балдар орус тили жана адабияты боюнча кантип тест тапшырышат?», -дешти нааразы тарап. Алар мектептин директоруна да кайрылышкан.

«Директор ата-энелерге мугалимдерди өзүңөр таап аларды мектепке иштегени алып келгиле деди. Бирок, гиназия жана жөнөкөй класстын окуучулары акысын бирдей баада төлөп окушууда», -дешти ата-энелер.

 
Эң көп окулган жаңылыктар