14:49
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Билим берүү тармагынын кызматкерлери иштеген жарандардын 9 пайызын түзөт

Билим берүү тармагынын кызматкерлери иштеген жарандардын 9 пайызын түзөт. Бул тууралуу Улуттук статискалык комитет билдирет.

Алардын маалыматында, Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү 4 миңден ашык уюмдар иштейт. Бул тармакта 110 миңге жакын педагогдор 1,8 миллион тарбиялануучулар эмгектенет.

Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 85 пайызын аялдар түзөт, алардын 9 пайызга жакыны директордун жана директордун орун басарынын кызматын ээлешет.

Республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында ар бир жетинчи студент педагогдук кесипти тандаган.

Белгилей кетсек, 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнү белгиленет, ал күн 1994-жылы негизделген.

Эң көп окулган жаңылыктар