11:18
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте 25 жаштагы милицияны бычактап кетишти

Түнү Бишкек шаарында 25 жаштагы милицияны бычактап кетишти. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ага лейтенанты Уларбек Майрамбеков алган жаракатынан көз жумду. 

Бишкек ИИБсынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Уларбек Майрамбеков кечээ куралын тапшырып, отпускага арыз жазган. Эмки айда үйлөнүүгө камынып жаткан. 

«Ал кесиптешин жолдун кесилишине чейин жеткирип коюну суранган. Түнү анын сөөгүн Бөкөнбаев менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен табышты», — деп ИИБ. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби