21:32
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Парламент бүгүн вице-спикерлерди алмаштырат

Жогорку Кеңеште бүгүн төраганын орун басарлары алмаштырылат. Кечээ Чыныбай Турсунбеков отставкага кетип, ордуна Дастан Жумабеков төрага болуп дайындалды. 

Белгилүү болгондой, «Республика — Ата Журт» фракциясынан спикердин орун басары Алтынай Өмүрбекова ордунда калышы мүмкүн. Эгер аны алмаштыруу талабы коюлса, анда фракция Талант Мамытовду көрсөтөт. 

«Өнүгүү-Прогресса» фракциясынын атынан ким чыгары белгисиз. «Кыргызстан» фракциясынан вице-спикер Данияр Төлөновдун ордуна КСДПдан Асель Кодуранова дайындалышы күтүлөт.  «Ата Мекена» вице-спикерликке Сайдулла Нышановду сунуштайт. 

Эң көп окулган жаңылыктар