20:49
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Москвада Кыргызстандын жараны жумуш ордунда набыт болду

«Экопресс» ишканасынын кызматкерин пресс басып калды. Бул тууралуу «MK.ru» сайты маалымдайт.

28 жаштагы Кыргызстандын жараны Куштарбек Галбаевди макулатураны кайра иштеткен пресс басып, буту жана колун үзүп кетти. Ишкана кызматкерлеринин айтымында, кырсыкты кандай болгонун эч ким көргөн эмес. Баардыгы эле ачуу кыйкырыкты гана угушкан. Алдын-ала божомолдор боюнча, Куштарбек Галбаев макулатураны айланткан зымга илинип калгандыктан, аны тартып кеткен.

Ал ишканага ушул жылдын жай айында орношкон.

Эң көп окулган жаңылыктар