12:05
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жамбашына бычак жеди

Россиянын Санкт-Петербург шаарында 22-жаштагы кыргызстандык жамбашына бычак жеди. Бул тууралуу «Невские новости» жазып чыкты.

Маалыматта Кыргызстандын жараны «Тез жардам» кызматына бычактан алган жаракаты менен кайрылгандыгы айтылат. Жаш жигиттин айтымында, ага шаардын Будапешт көчөсүндө белгисиз жаран бычак сайып кеткен.

Ошол эле күнү шаардык ооруканага дагы бир киши жектирилген. Анын дагы жамбашына бычак сайылган. Бирок, бул жаран мушташта бычак жегенин айткан. Анын жамбашынан сырткары белине дагы сайылган.  Азыр эки окуя окшоштугу тергелүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума