10:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Талас фермерлери жыл башынан бери 30 миң тонна төө буурчакты экспорттошту

Талас фермерлери жыл башынан бери 30 миң 110 тонна төө буурчакты экспорттошту. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн агрардык сектор бөлүмүнөн билдиришти.

Алардын айтымында, төө буурчак Түркия, Россия, Казакстан, Болгария жана Чех мамлекетине жөнөтүлдү.

2017-жылы төө буурчак өткөн жылга салыштырмалуу 2 миң гектарга көп аянтка 55 миң гектарга эгилди. Түшүмдүүлүк 18,4 пайызды түзүп, 50-55 сомдон сатылууда.

 
Эң көп окулган жаңылыктар