06:28
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Саргсян: ЕАЭБке кирерде Атамбаев өлкөсүнүн кызыкчылыгын бүт күчү менен коргоду

«Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирип жатканда Алмазбек Атамбаев өлкөсүнүн кызыкчылыгын бүт күчү менен коргоду» - деди жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде Армениянын президенти Серж Саргсян. 

Армения жетекчиси Кыргызстан акыркы алты жылда жакшы ийгиликтерге жетишип, баардык багыттарда өнүгүп жаткандыгына суктанусун билдирди. 

«Мен Кыргызстанда 2000-жылы болгонмун. Андагы жана азыркы ахыбалын салыштырып болбойт. Атамбаев кырдаалды турукташтырып, мамлекеттик институттарды бекемдей алды. Буга өлкөнүн парламенттик башкарууга өткөндүгү өбөлгө болду го дейп ойлойм» - дейт Армения президенти.

Ал Кыргызстан жөнүндө көп маалыматка ээ болгондугун,  өлкөнүн тарых, маданият жана турмушу жөнүндө Алмазбек Атамбаевден көп уккандыгын айтат.

«Алмазбек Атамбаев элинин тарыхын жакшы билет. Бул жөнүндө бизге көп айтып берет. Менимче, президент так ушинтип, элинин тарыхын, салты менен дагы тааныштырууга жана жайылтууга милдеттүү» - дейт Серж Саргсян.

Серж Саргсян Евразия экономикалык биримдигиндеги Кыргызстандын ордуна дагы токтолгон. 

«Бул уюмга кирерде Атамбаев өлкөсүнүн кызыкчылыгын катуу коргоду» - деп Астана менен Бишкек жакын арада тил табышарына ишеним арткан. Серж Саргсян ЕАЭСдин төрагасы катары Бишкек расмий кайрылса, казак-кыргыз чек арасындагы маселе отурумда караларын маалымдады. 

Эң көп окулган жаңылыктар