23:05
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Экономика министрлиги: Казакстан ЕАЭБ эрежелерин сактабай жатат

Кыргызстандын Экономика министрлиги казак тарап Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) укуктарынын нормаларын сактабай жатканын билдирди.

«Казакстандын чек арадагы өткөрмө бекеттерде кошумча көзөмөл чараларын киргизиши ЕАЭБ тууралуу келишимдин максаттарына жана негизги принциптерине каршы келет, ошондой эле Евразиялык экономикалык интеграция жетишкен максаттарга коркунуч туудурат. Казакстан товар ташуу эркиндигин чектеп, бирдиктүү ЕАЭБ базарынын негизги иштөө принциптерин бузууда», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, Экономика министрлиги Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын атына тиешелүү мазмундагы кат жөнөттү. Анда Казакстанга 2014-жылы 29-майда кол коюлган ЕАЭС тууралуу келишимдин жоболорун сактоо зарылдыгы эскертилиши керектиги жана бул маселенин Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын жакынкы жыйынында каралышы шарт экендиги жазылган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, казак тарап кошумча текшерүү чараларын киргизгенге чейин «Акжол-Автодорожный» жана «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстандан орто эсеп менен күнүнө 8 176 жөө адам жана 662 транспорт каражаты өтүп келген. 10-октябрдан тарта аталган өткөрмө бекеттер аркылуу өткөн жөө адамдардын саны болгону 3 446ны, транспорт каражаттарыныкы 357ни түзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар