10:11
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Боршайком Өмүрбек Бабановго эскертүү берди

Борбордук шайлоо комиссиясы 7-октябрдагы жыйынында президентикке талапкер Өмүрбек Бабановго эскертүү берди. 

Талапкер шайлоо үгүтүнө диний ишмер Садыкжан Камаловду аралаштырган. 

Буга чейин БШК Камчыбек Ташиевге эскертүү берген. Анда жарандык активист Адил Турдукулов Чубак ажы Жалилов Сооронбай Жээнбековдун жолугушууларына катышып, үгүттөп жүргөнүнө арызданган. БШК Чубак ажы Жалиловду жолугушууга Жээнбеков эмес, Ташиев чакырганын аныктап, «Ата-Журт» лидерине эскертүү берген. 

Мыйзам диний ишмерлерге шайлоо өнөктүгүнө катышууга тыюу салат. 

Эң көп окулган жаңылыктар