07:04
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мавлян Аскарбеков кантип бийликти төңкөрүүгө айыпталып жатканын түшүнбөйт

Жарандык активист жана «Эркин Эл» партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков кантип бийликти төңкөрүүгө айыпталып жатканын түшүнбөйт. Бул тууралуу ал «24.kg» агентигине билдирди. 

УКМКнын билдирүүсүндө, Мавлян Аскарбеков бийликти күч менен алмаштырууга чакырган. Кылмыш ишин козгоого жарандык активисттин Сокулук районунун Дача-СУ айылындагы эл менен жолугушууда сүйлөгөн сөзү себеп болгон. Активисттин айтымында, ал анда: «социалдык маселелерди чечпеген бийликтин кереги барбы?» - деген суроо койгон. 

«Төрт жолу лингвистикалык экспертиза жүргүзүлдү. Эң кызыгы ал төртөө тең бүтүмүн орусча жазып беришкен. Мен Дача-СУнун тургундары менен кыргыз тилинде сүйлөшкөнмүн. Азыр күбөлөр суралып жатат. Алар мен эч кимди, эч нерсеге үнөмдөбөгөнүмдү айтышууда», — деди Мавлян Аскарбеков.

Эмки соттук жыйын 16-октябрда өтөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар