20:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жээнбеков: Талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүү үчүн кызматтымды тапшыргам

«Алдыда өтө жооптуу учур турат. Биз таза шайлоо өткөрүүгө бардык шарттарды түздүк» - деп билдирди Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков Чүй областынын Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Ал белгилегендей, таза жана адилеттүү шайлоого бардык шарттар түзүлүп берилген.

«Бирок бул баарына эле жага берген жок. Мени админресурс колдонду деп айыптап жатышат, бирок мен бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп бериш үчүн премьер-министрлик кызматтан кеткем. Бирок мен элибиз кимдин ким экенин, акыйкат ким тарапта экендигин таразалап, кимдин максаты эмнеде, ким элди алдоо менен алек болуп жаткандыгын аңдап-билүүгө аракет кылып жаткандыгына кубанып турам. Бүгүн Кыргызстандын чыныгы мекенчил жарандары элди курулай убадаларга алданбоого чакырып жатышат!»

Сооронбай Жээнбеков
Ал мамлекет башкарам дегендердин арасынан айылда, райондо, облуста, чарбада, башкаруунун ылдыйкы тепкичтеринде иштеп келген жалгыз ал экенин эскертти. Айылда мугалим, зоотехник, совхоз жетекчиси болуп, анан райондо иштеп, кийин Жогорку Кеӊештин үч чакырылышынын депутаты, айыл-чарба министри, губернатор, акыры премьерликке чейинки тепкичтин баарын басып өттү.

«Бир жарым жыл премьер-министр болуп иштегеним мага чоң тажрыйба болду. Кыргызстандын бардык булуң-бурчун кыдырып, мурда көрбөгөн, укпаган көйгөйлөрдү көрдүм. Азыр убадалар жамгырдай жаап жатат. Алар азыр убада кылып жаткандардын көбүн мен кыйкырбай эбак эле жасап койгом» - деп белгиледи талапкер.

Сооронбай Жээнбеков эгерде шайлоочулар ага ишенип, президенттикке шайлашса, бүт күчүн, акылын өлкөгө, элине арнай турганын кошумчалады.

«Буга тажрыйбам да, билимим да, дараметим да, намысым да жетет! Мен үчүн өлкөдөн кымбат дөөлөт жок!»

Сооронбай Жээнбеков

Президентикке талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоофондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 02.10.2017 ж.

Эң көп окулган жаңылыктар