21:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Боршайком Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратат

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге карата шаардык соттун өкүмү күчүнө кириши менен аны мандатынан ажыратышы мүмкүн. Бул тууралуу «24.kg» агентигине БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

Шаардык соттун өкүмү он күн ичинде күчүнө кирет. Эгер БШК Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратса, депутаттын жактоочусу үч күн ичинде сотко даттана алат. 

Эскерте кетсек, кечээ, 2-октябрда шаардык сот Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырып, Текебаев менен Чотоновго 8 жыл чегерди. 

Эң көп окулган жаңылыктар