03:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Биринчи жолу Кыргызстандын премьер-министри Россияга расмий сапар менен барат

Биринчи жолу Кыргызстандын премьер-министринин Россияга расмий сапары болот. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Премьер-министр Сапар Исаков 29-30-сентябрда Москвага барат.

1991-жылдан бери бир да өкмөт башчысы Россияга расмий сапар менен эмес, жумушчу сапар менен барышкан.

Москвада ал Дмитрий Медведевь жана Мамлекеттик думанын башчысы Вячеслав Володин менен жолугушат.

Сапар Исаков кыргыз мигранттары жана диспора өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар