11:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сары-Челек коругунда дайынсыз жоголгон Израилдик кыз дагы эле табыла элек

Сары-Челек коругунда дайынсыз жоголгон Израилдик кыз дагы эле табыла элек. Аны издөө иштерине атайын даярдалган иттер тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри маалымдайт.

Министрликтин билдирүүсүндө, кечээ Израилден келген куткаруучулар дагы ишке киришкен. Жергиликтүү тургундар болуп, жалпысынан 60 адам издөөдө.

Хилла Ливне 22-сентябрда жоголгон. Маалыматка караганда алар тобу менен Кара-Cуу айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу Сары-Челек көлүнө өтүп кетмекчи болушкан.

Хилла Ливненин жоголгондугу 23-сентябрда маалым болгон. 22-сентярь күнү Аркыт айылынын тургуну эки баласы менен бирге Котормо капчыгайында 1993-жылкы туристти жолуктурушкан. Бутун кокустатып алган туристти жергиликтүү тургун үйүнө алып келген. Ошондо гана турист жанында Хилла Ливне аттуу кыз да болгонун айткан.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө, туристтер Сары-Челек коругуна жакын капчыгайда кармалып калышкан. Алар ошол күнү GPS аркылуу «SOS» белгисин жөнөтүшкөн. Биринчи күнү Куралдуу күчтөрдүн тик учагы менен изделген.

Алгач ӨКМ маалымат жоктугун айткан. Бүгүн гана министрликтин 10 куткаруучусу кечээ түнү Сары-Челекке жеткендигин кабарлашты.

Эң көп окулган жаңылыктар