16:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Садыр Жапаровго атасына топурак салууга уруксат берилген жок

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровго атасына топурак салууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Жаза аткаруу кызматынан билдиришти. 

Алардын маалыматында, бул боюнча соттон эч кандай токтом келген жок.  Ал эми Жогорку сот Жаза аткаруу кызматы өз алдынча чечим кабыл алышы керектигин айткан. 

Эскерте кетсек, кечээ Садыр Жапаровдун атасы 84 жашында дүйнө салды. 

Садыр Жапаров 11,5 жылга эркинен ажыратылган. 

Эң көп окулган жаңылыктар