13:57
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Парламентте Liglass Trading менен келишимди текшерүү сунушталды

Парламентте Liglass Trading менен келишимди текшерүү үчүн комиссия түзүү сунушталды. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев бүгүнкү отурумда билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн жоопкерчилигин карап чыгуу керек.

«Эгер өкмөт Чех ишканасы менен келишимди жокко чыгарса дагы жоопкерчиликтен качып кутулбайт. Бул келишимдин түзүлүшүнө ким ортомчу болгон болсо, баары жооп бериш керек. Биз убакыт короттук. Өлкөнүн аброюуна шек келтирилди. Инвестициялык ахыбалыбызга дагы көлөкө түштү», — деди Жанар Акаев.

Эскерте кетсек, аталган чех компаниясы менен Кыргызстан Ак -Булуң, Камбар-Ата-2 жана Жогорку Нарын каскадындагы чакан ГЭСтердин курулушу боюнча келишимге кол койгон. Liglass Trading 37 миллион долларды төлөп, долбоордогу «Русгидро» ишканасынын ордуна үлүшкө кирет. Алмазбек Атамбаев 37 миллион доллар «Русгидро» ишканасына берилерин маалымдаган. Акчаны которуу мөөнөтү 19-сентябрда аяктайт. Эгер Liglass Trading убаданы аткарбаса өкмөт келишимди үзөрүн айткан.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума