20:26
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

БУУ Кадыржан Батыровдун Кыргызстанга доосун кабыл алган жок

Бүткүл Улуттар Уюму Кадыржан Батыровдун Кыргызстанга доосун кабыл алган жок. Бул тууралуу чечим 16-августта кабыл алынган.

БУУнун комитети Кыргызстан Кадыржан Батыровдун укуктарын бузган жок деп эсептеп, доону негизсиз деп тапкан.

Кадыржан Батыров Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 16-июнундагы «2010-жылдын апрель-июнь айларындагы Ош окуяларына иликтеген депутаттык топтун маалыматы» № 567 токтомуна даттанган. Кадыровдун пикиринде бул токтомдо Саясый жана жарандык укуктар боюнча эл аралык пактын 5 беренеси бузулган. Ал укуктук коргоо мүмкүнчүлүгү чектелип, соттун чечимисиз күнөөлүү деп жарыяланып, кадыр баркына доо кетиргендигин айткан.

Бул токтомдо Батыров Ош коогалаңын уюштуруучусу катары көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Кадыржан Батыров Ош коогалаңынын уюштуруучусу катары таанылып, соттун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Өзү 2010-жылдан бери чет өлкөдө жашап келет.

Эң көп окулган жаңылыктар