Талас облусунун Бакай-Ата айылында зордуктоого аракеттенүүгө шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агентигине райондук прокурор Замирбек Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, окуя 20-августта болгон. Бирок, 29-августта гана баланын энесинен арыз түшкөн.
Замирбек Жумабековдун билдирүүсүндө, кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүүдө.
«Беш жашар кыздын денесинен эч бир жаракат табылган жок. Зордуктоо аракет болгонбу жокпу аныкталып жатат», — деди ал.