01:06
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Эртең Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев биринчи жолу президенттин макамында Кыргызстанга келет. Ал 5-6-сентябрда Бишкекте болот. 

Сапарында өзбек президенти өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев, премьер - министр Сапар Исаков жана Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушат. 

Кол коюла турган келишимдердин арасында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча документ дагы бар.

Буга чейин чек аранын жалпы аянтынын 1 миң 170 чакырымы аныкталган. Дагы 217 чакырым талаш бойдон калууда. 

Эскерте кетсек, акыркы жолу өзбек президенти 2000-жылдын октябрь айында расмий сапар менен келген. Андан кийин жумушчу сапарлар гана болгон. 

Эң көп окулган жаңылыктар