21:37
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өкмөттүн мураскерлеги: Тажрыйба, туруктуу пайдубал жана жаңы өкмөткө үлгү

Жаңы өкмөт куралды. Өткөн аптада парламент көпчүлүк добуш менен Сапар Исаков жетектеген өкмөттүн түзүмүн жана курамын бекитти.

Эгемендүүлүк алгандан бери өкмөт биринчи жолу кимдир бирөөнүн саясый дымагынын, же интригаларынын натыйжасында эмес, премьер-министрдин өз калоосу менен Боршайком аны шайлоого каттагандан кийин алмашып олтурат.

Негизинен Сооронбай Жээнбеков үгүт иштери башталганга (10-сентябрга) чейин иштей берсе болмок. Өзү демилгелеген долбоорлорду аягына чыгарууга дагы шарт түзүлмөк. 10-сентябрдан кийин ыйгарым укуктарын убактылуу токтотсо 15-октябрдан кийин ордуна кайтып келе алмак. Бирок, ал шайлоодо баардык талапкерлер менен бирдей шартта ат салышуу үчүн кызматтан кетти.

Жаңы өкмөттүн программасы «Өкмөттүн келечекке 40 кадамы» деп аталат. Ал беш жылга эсептелген жана 2040-жылга чейинки Стратегиялык өнүгүү долбоорунун алкагында түзүлгөн.

Өкмөттүн программа социал-экономикалык, жумушсуздук маселелерин чечүүгө, аймактарды өнүктүрүүгө жана калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган. Мында шаар жана айылдардын инфраструктураларын жакшыртууга жана калктын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бөлүнөт.

Жаңы өкмөттүн башкы максаты жана иштөө багыты Сооронбай Жээнбеков жетектеген министрлер кабинетинин «Ишеним жана биримдик» программасы менен байланышкан. «Ишеним жана биримдик» программасы дагы 2017-жылга жана 2040-жылга карай Туруктуу өнүгүү улуттук стратегиясынын негизин түзчү.

«Келечекке 40 кадам» программасы үчүн мурдакы өкмөт бекем пайдубал орнотуп кетти: 2016-жылы экономика турукташып, ИДӨ 3,8 пайызга көбөйдү. Ал эми 2017-жылдын биринчи жарымында экономика 6,4 пайызга өстү. Жаңы өкмөт ушул өсүүнү темпин басаңдатпай сактап калмакчы.

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери экспорт 30 пайызга өстү. Белгилей кетсек, былтыры ушул мезгилде тышка товар алып чыгуу 17 пайызга азая түшкөн.

Ортодогу маселелерге, айрыкча Кыргызстандын уюмдун көп талаптарына даяр эместигине карабай, өлкө ЕАЭБге киргенден кийин өткөөл мезгилди татыктуу өтүп жатат. Мында өкмөттүн өз учурунда кабыл алган чечимдери жана иш чаралары жакшы жыйынтык берди.

Январь-июнь айларында уюмга кирген өлкөлөр менен соода алака мурдакы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,2 пайызга көбөйдү. Мында экспорттун көлөмү 29,6 пайызга, импорт 7,3 пайызга көбөйгөн.

Өкмөттүн бул арадагы ишинин басымдуу бөлүгү Евразия экономикалык биримдигинин талаптарын ишке ашыруу, айрыкча өнөр-жай товарларынын сапатын, чек арадагы өткөрүү пунктарын жана ветеринардык көзөмөлдү жакшыртууга багытталды. Ал арада төрт ветеринардык лабораториянын курулушу башталды.

Ал эми ЕАЭБдин азык-түлүк чыгарган ишканаларынын бирдиктүү тизмесине Кыргызстандын 28 өндүрүш компаниясы киргизилди. Ал ишканалар баары эл аралык стандарттардагы күбөлүктөрдү алып, жабдуу жана имараттарын толук жаңылап чыгышты.

Быйыл чек арадагы 8 өткөрүү пункту курулуп баштады. Белгилей кетсек, анын экөө кыргыз-казак чегинде жайгашкан. Бул дагы уюмдун адам жана товарлардын эркин кирип чыгуу шартынын аткарылышына жол ачат. Негизинен өкмөттүн баардык иш чаралары өлкө жарандары жана ишкерлери ЕАЭБдин пайдасын көрүүсүнө багытталган.

Сентябрь айынан баштап, Сооронбай Жээнбеков кол койгон токтомго ылайык экспортко багытталган ишканаларга жеңилдетилген насыялар бериле баштайт. Быйыл дыйкандар үчүн айыл-чарба насыясынын үстөк наркы 6 пайызга чейин төмөндөтүлдү.

2017-жылы дыйкан-фермерлерге берилген насыянын көлөмү 1,5 миллиард сом болду. Эмки жылы бул көрсөткүч 3,5 миллиард сомго жетет.

Мурдакы өкмөт бизнес коомчулук менен тыгыз иш алып барды. Кыргыз-Орус өнүгүү фонду менен кызматташтыктын негизинде июлдун айыгына чейин 753 долбоорго 246 миллион долларлык насыя берилди. Учурда Кыргызстан Индия жана Кытай менен ушундай фонд түзүү үстүндө иштеп жатат.

«Таза коом» программасы мурдакы өкмөт үчүн көп маселелерге чечим катары кабыл алынды. Айрыкча мамлекеттик органдардан кандайдыр бир маалымдаманы алуу үчүн түзүлгөн узун кезекти жана аны менен жуурулушкан жемкорлукту жоюуга бул программа жол ачты.

Сапар Исаковдун өкмөтү калктын аярлуу катмарын жана бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин колдоо жаатында бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзөрү талашсыз. Буга мурдакы өкмөт түзгөн пайдубал — бюджетке туруктуу которуулар көмөк болот.

2016-жылы социалдык тармакка 5 миллиард 400 миллион сом бөлүндү. Өкмөт мугалим, даарыгерлердин иштөө шартын жакшыртуу үчүн оорукана, мектеп, социалдык объекттер жана маданият үйлөрүндө оңдоо иштерин баштады.

Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорундагы жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендерге ыкчам каражат бөлүндү. 1-октябрдан тарта пенсия жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул көбөйтүлдү.

Мамлекеттик ипотекалык программа ишке кирип, 2016-жылдан бери 1335 ипотекалык насыя берилген. Анын 573ү билим берүү, 27ү саламаттыкты сактоо тармагына берилген.

Аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында 657 айыл жана 22 шаарда суу түтүктөрүн жаңылоо каралган. Айтмакчы, бул демилгенин «Келечекке кырк кадам» программасында эске алынгандыгы кубандырат.

Кыргызстанда уникалдуу саясый кырдаал түзүлдү: президентикке үч мурдакы премьер-министр аттанууда. Албетте, алар өздөрү жетектеген өкмөттүн ишинин жыйынтыгын мисал келтире койбос.

Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү түзгөн иши өлкөнүн жалпы өнүгүүсүнө, жаңы өкмөттүн кенен арышына жол ачат.

Эң көп окулган жаңылыктар