13:51
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ТИМ Анкарада көчөдө тентиген кыздын туугандарын тапты

Тышкы иштер министри Түркиянын Анкара шаарынын борбордук көчөлөрүндө тентип жүргөн кыргызстандык кыздын туугандарын тапты. Бул тууралуу «24.kg» агентигине мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Facebook социалдык түйүнүнүн колдонуучусу Акбалык Жумалиева Анкаранын көчөлөрүндө тентип жүргөн кыргыз кыздын сүрөтүн жарыялаган. Түркиядагы мекендештер кыздын психикалык абалы начар экендигин, эч кимди жанына жолотпой, сүйлөшпөй жаткандыгын билдиришкен.

ТИМдин маалыматында, атасы кызы иштеп келүү үчүн Түркияга кеткендигин айтып, аны Кыргызстанга кайтарып келүүгө жардам сурайт.

«Ал июнда иш издеп кетиптир. Жетип алган соң атасы менен байланышка чыккан. Бирок, байланыш үзүлүп, жакшы сүйлөшө алышкан эмес. Кийинчерек атасынын телефонуна белгисиз кишилер чалып, кызын кайтаруу үчүн акча талап кылышкан», — дейт ТИМ.

Кыздын саламаттыгы начар болсо, Түркия учакка чыгууга уруксат бербестиги айтылууда.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби