21:37
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Коалициялык көпчүлүк Сапар Исаковдун талапкерлигин жактырды

Коалициялык көпчүлүк Сапар Исаковдун талапкерлигин жактырды. Чечим бүгүн жыйында кабыл алынды.

Эми өкмөт башчылыкка талапкерди парламенттик комитеттер карап чыгышат. 

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков шайлоого талапкер болуп катталгандан кийин кызматын тапшырды. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөттун курамын бекитүүнү сунуштаган. Бүгүн депутаттар кезексиз жыйынга чогулушту. 

Сапар Исаков президенттин аппаратын жетектеп келет. 40 жашта.

2003-жылы диломатиялык кызматта иштеп баштап, 2007-жылы ал кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен өкмөттүн аппаратынын эл аралык бөлүмүнө жетекчиликке дайындалат. 2009-2010-жылы ЦАРИИде, кийин өкмөттүк жана президенттик аппаратта иштейт. 

Эң көп окулган жаңылыктар