14:07
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу күбөлүгүнөн айрылып калышы мүмкүн

Юстиция министрлиги Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Канат Хасановдун жактоочулук күбөлүгүн кайтарып алмакчы.

Канат Хасановдун «24.kg» агентигине билдирүүсүндө, Текебаев/ Чотонов сотунда ага эскертүү берилген. Ошол эскертүү анын жактоочулук күбөлүгүн алып салууга негиз болууда.

«Мен анда сот Эмгек кодексин бузуп, жумуш күнү бүтсө дагы отурум өткөрүп жаткандыгына арызданганмын. Сот мага эскертүү берди. Мен Жактоочулардын ассоциациясынын этика боюнча комитетине арыздандым», — деди Канат Хасанов.

Жактоочулардын ассоциациясы Канат Хасановду колдошоорун билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар