14:55
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда жарым миллион тонна буудай топтолду

Кыргызстанда жарым миллион тонна буудай топтолду. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министрлиги кабарлады.

18-августка карай 176,9 миң гектар жерден 478,4 миң тонна буудай орулду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,2 миң тоннага көптүк кылат. Буудайды эң көп Чүй облусунда 99,9 миң гектарга, эң аз Таласта-5,8 миң гектарга эгилген. 

Министрликтин маалыматында, 2016-жылы өлкөдө 706,8 миң тонна буудай керектелген. Буудайдын орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 27 центнер алынып жатат. 

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби