15:32
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ошто туристтик фестиваль өттү

Кечээ “Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирет.
Фестивалда түрдүү түстөргө боелгон буюмдар жүктөлгөн төөлөр, керней-сурнайлардын жаңырыктары менен коштолгон Улуу Жибек Жолунун кербени шаардын борборун аралай жүрдү.
Иш-чара андан ары сейил бакта уланып Оштун ашпозчулары жасаган тамак-аштар, жер-жемиштер жана дүйүм-тамактар, чыгыштын түрдүү чайлары, “Ош базарындагы” кол-өнөрчүлөрдүн кол-өнөрчүлүк буюмдары көрсөтүлдү. Ага улай “Этно-Ош” тобу улуттук музыка, ыр, бий тартуулашып, С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын актерлору “Кыз узатуу” улуттук салтын, “Бабур” атындагы өзбек улуттук театры “ Жар- жар” айтуу салтын көрсөтүштү. Ошондой эле, коноктор жана туристтерге эс алуу бактын ичинде тушоо кесүү салты жана “Аркан тартыш” улуттук оюну уюштурулду.

Эң көп окулган жаңылыктар