05:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жалал-Абад шаар тургундарынын талабы менен таза суунун сапаты текшерилди

Жалал-Абад шаар тургундарынын талабы менен таза суунун сапаты текшерилди. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, шаарда реабилитацияланып, жаңыдан курулуп пайдаланууга берилген суу түтүктөрүнүн сапатына нараазычылыктар айтылган. Шаардыктар жаңы жабдуулардын сууну булгап, сапатын бузуп жаткандыгын айтышкан.

Белгилей кетсек, Жалал-Абадда акыркы эки жылда калкты суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо долбоору жүрүп, суу кампалары курулуп, түтүктөр жаңыланып, эсептегичтер орнотулду. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы бөлгөн 9 миллион доллар гранттык эсебинен ишке ашты.

Мэрия жашоочуларды «Птицеград» аймагындагы суу дарбазасын чакырып, суу тазалоочу жабдуулардын, суу түтүктөрүнүн, суу эсептегичтердин иши менен тааныштырды.

«Азыркы учурда Жалал-Абад шаарында 9 миң үйгө суу эсептегичтерди орнотуу жана жаңы суу берүү системасына кошуу иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми шаар тургундары бул суу кайдан келет, кантип тазаланат, кандай абалда калкка берилет, деги эле суу тазабы деген суроолорго так жоопторду алышсын үчүн ушул иш-чара уюштурулду. Биздин оюбузча иш-чарага катышкан топ берилип жаткан суунун канчалык сапаттуу жана таза экенине ишеништи жана калкка зарыл маалыматты жеткиришип, мындан ары ар кандай туура эмес пикирлер болбойт» , - дейт мэриянын өкүлү Садыр Айтбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар