USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Сүлүктүдө шахтада бир киши мерт кетти

Суйунбек ШАМШИЕВ
16:00, 15 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Сүлүктүдө шахтада бир киши көмүрдүн астында калды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

12-август күнү «Ак-Жол» ишканасына тиешелүү кенде кырсык болуп, 1980-жылы туулган Сапарбек Салямовду жер басып калган.

ӨКМдин куткаруучулары төрт саат кийин шахтердун денесин казып алышкан.

2017-жылдын башынан бери Сүлүктүдөгү шахтада 9 адам набыт болгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика