07:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Текебаевдин соту. Күбөлөрдүн сүйлөшүүсү жазылган аудио жасалма экендиги айтылды

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ишин кароо Биринчи май райондук сотунда уланууда. Бүгүн жарыш сөз алдында айыпталуучу убактылуу өкмөттүн мурдакы мүчөсү Азимбек Бекназаров менен Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Камчыбек Ташиев экөөнүн сүйлөшүүсүнүн аудио жазуусуна токтолду.

Эскерте кетсек, аудио жазуу интернетте таркатылган. Анда Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиев Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергендигин мойнуна алышкандыгы тууралуу маалымдалат.

Өмүрбек Текебаев Азимбек Бекназарво сотто тарыхый окуялар тууралуу айткандыгын, анын калп айтууга эч бир негизи жок болгондугун билдирди.

«Ал убактылуу өкмөт, андагы ыйгарымдарды бөлүштүрүү, «Альфа телеком» компаниясынын 49 пайызы жана 13-май тууралуу айткан. Бул күндөр жана окуялар боюнча башкалар да көрсөтмө берген. Факты гана болгондуктан, калп айтууга дагы негиз жок болчу. Бекназаров бул тууралуу өзүнүн мемуарында дагы жазган» — деди ал.

Айыпталуучунун айтымында, Камчыбек Ташиев менен 2010-жылдын 22-23-декабрында жолугушуп, Текебаевдин туулган күнүнө вино белек кылгандыгы чындык.

«Ал вино дагы эле үйдө турат. Алып келип көрсөтсөк да болот. Ташиевдин эсине келтирип кое алабыз» — деди Өмүрбек Текебаев.

Эскерте кетсек, Текебаев менен Чотонов жемкорлук беренеси менен айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар