14:17
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Шайлоого алдындагы сереп: Талапкерлер рейтинги

Эксперт Денис Бердаков президентикке талапкерлердин рейтингин түздү. «24.kg» маалымат агентиги өз окурмандарын бул рейтинг менен тааныштырат.

Денис Бердаков:

— Бул рейтингди өзүм түзгөндүктөн субъективдүү пикир экендигин айта кетейин. Бирок, мен реалдуу маалыматтарга таянып жана өз булактарымдан алынган билдирүүлөрдү жана далилдерди колдоном. Талапкердин президенттик кызматка жетүү мүмкүнчүлүгү он баллдык ченем менен бааланды.

Талапкерлердин бүгүнкү мүмкүнчүлүгү кандай?

Өмүрбек Бабанов — ондон беш балл алат. Бул талапкердин рейтинги шайлоодон баш тартып, КСДП фракциясынын өкүлү менен тандем түзөрү тууралуу айың кептен кийин бир аз төмөндөдү. Бул маалыматта Бабановдун ким менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгы дагы айтылган эмес. Ал эми Өмүрбек Токтогулович алгач айтылган сөз ага тиешеси жоктой түр көрсөткөнү менен кийин баары бир маалымат-жыйын чакырды. Негизинен,  бул кептин башка медиа менен бирге Бабановго ыктаган ЖМК аркылуу дагы айтылгандыгын белгилеп кетүү зарыл. Мында саясый технологиянын чебер колдору ойноп жаткандыгын байкабаган киши болбосо керек. Анткени баары жөнөкөй эле жол менен ишке ашты. Кыскасы, тандем жөнүндө уккан Бабановдун тарапташтарынын ээси ооп, ыйлап, талапкерден аларды таштап кетпөөсүн өтүнмөк. Бабанов маалыматты жокко чыгаргандан кийин кубанып, көкөлөп калмак.

Технологдордун  бул амалынын максатын жандырып, түшүнүү кыйын.  Ооба, Бабанов-Жээнбеков тандеми коомдо чындап талкууланган. Бирок, ушак кеп баары бир катуу талкууга алынып, талапкерди бир нече күн бою элдин оозунан түшүрпөй кармаган жок. Тескеринче, талапкерге каршы иштеп, Бабанов өзү тандемди каалап жаткандай ой калтырды.

Ага караганда «Республика» партиясынын жигердүү мүчөлөрүнүн БШКга кол тапшыруусу кызыктуу болуп, көпчүлүктүн көңүлүн бурдуртту. Менин оюмча партиянын жаштар канаты баарынан мыкты экендигин жана бир катар менен баскысы келбеген жаштарды тизиле бастыртып Бабанов жаштардын купулуна толорун көрсөттү.

Бирок, эскерте кетсем  жаштар шайлоого барганды да жактырышпайт. Андыктан, шайлоо тилкелерине жетери күмөн.

Темир Сариев — ондон үч балл алат. Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылгандыгын эске албаганда,  акыркы убакта ал элдин көңүлүн бурган кадамга барган жок. 

Темир Аргембаевич мага дайым жакчу. Бирок, социология анын көңүлүн анчейин жылытпайт шекилди. Андыктан, акыркы аракетин көрүп жаткандай. Анын командасы ар бир талапкерге Сариев Кремлдин кишиси экендигин билдирип, эскертүү бергенсийт. Бирок, бул сөз бойдон калууда.

Бакыт Төрөбаев — эки балл. Алгач анын командасы Бабанов буга чейин көрсөткөн жол менен барууга аракетеништи. Бул аракеттен майнап чыкпагандан кийин жаңы коалиция түзүү чечими кабыл алынды. Төрөбаев, Мадумаров, Ташиев жана Келдибеков менен бир стөлгө олтуруп, бир талапкерди колдоп чыгары айтылды. Бирок, ким экендигин ачыкташпаганы менен, артта турган «Төрөбаев-2017» логитибы айтылбаган сөздү жарыялап койгондой болду. Албетте алар дагы башка талапкерлер менен макулдашып, шайлоодон баш тартышы мүмкүн. Темир Сариев мындай өңүттөгү сүйлөшүүлөргө ачыктыгын жарыялаган.

Сооронбай Жээнбеков — сегиз балл. Калыстык үчүн айтып коюш керек, Сооронбай Жээнбеков башка талапкерлерден айырмаланып, туура багытта бара жатат. Ал премьер-министр катары ишин уланта берет жана анын ишмердигин ЖМКлар толук чагылдыра алышат. Бул боюнча атаандаштары БШКга бир нече арызын жолдошту. БШК негизсиз деп таап, терс жообун берген.

Албетте азыркы кырдаал Сооронбай Жээнбековдун популярдуулугун күчөтүп, элге көбүрөөк таанымал кылат.

Шайлоонун оюндары шаңдуу башталды. Ага Жогорку Кеңештин августтун экинчи жарымында өтө турган кезексиз жыйыны дагы үн кошушу мүмкүн. Депутат Жанар Акаев күзүндө парламент күч алып, белегин көрсөтөрүн, шайлоодогу орундар алмашып каларын убадалады.

Эң көп окулган жаңылыктар