Президентикке талапкер Темир Сариев премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызмат абалынан пайдаланып үгүт жүргүзүп жаткандыгын маалымдайт.
Талапкер азырынча үгүт иштери баштала электигин эскертет. Анын айтымында, жумуш күнүнө карабай, күн сайын «Форумдун» имаратына министр, губернатор, мэр жана башка жетекчилер чакырылып, Фарид Ниязов менен Икрам Илмиянов аларды партияга иштөөгө мажбурлап жатат. Ал жыйындарга Сооронбай Жээнбеков дагы катышат.
«Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырышы керек. БШК баардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшүн камсыз кылышы шарт. Абакта олтурган талапкерлердин дагы конституциялык укугу корголушу керек. Аларга мамлекеттик тилден сынакты тапшырууга жол берилсин. Алар азырынча соттоло элек» - дейт Темир Сариев.