06:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Садыр Жапаровдун уулу министрдин орун басарынын буйругу менен камалган

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда 25-марттагы УКМКнын алдындагы митинг боюнча сотто Рустам Жапаров көрсөтмө берди. Ал тергөөгө көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Анын айтымында, 25-март күнү ал Казакстандан келе жаткан атасы Садыр Жапаров менен жолугушуу үчүн «Акжол» өткөрүү пунктуна барган.

«УКМКнын кызматкерлери атамды алып кеткенден кийин түз эле УКМКнын алдына келдим. Башаламандык башталганда беш-алты киши бир кишини сабап жатканын көрдүм. Эки бир тууган инимди да сабап жатышыптыр. Ага жардам бергенге аракет кылсам, мени да сабап башташты. Экөөбүздү тең автобуска алып чыгышты. Милициянын райондук бөлүмүндө мага ички иштер министринин орун басары келип ким болорумду сурады. Мен Садыр Жапаровдун уулу экенимди айтканымда мени «жапкыла» деп буйруду», — дейт Рустам Жапаров.

Эскерте кетсек, 25-марттагы митингде 12 адам кармалган. Аларга башаламандык, мамлекеттик мүлктү бүлүнтүү жана башка жүйө менен иш козголгон. 

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровду өткөн жумада сот 11 жыл алты айга эркинен ажыратты. 

Эң көп окулган жаңылыктар