«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров мамлекеттик тилден тест тапшырып, 96,77 баллга ээ болду. Ага чейин кыргыз тилинен эң жакшы көрсөткүчкө мурдакы Акыйкатчы Турсунбек Акун жетишкен. Ал 94,75 балл алган.
Эртең Руслан Жунусов, Мирлан Шерикул уулу, Сооронбай Жээнбеков жана Арсланбек Малиев тапшырат.
Эскерте кетсек, президентикке ат салышуу үчүн 59 жаран арыз жолдогон. Анын экөө кайра артка тартты. Андан сырткары, Садыр Жапаров дагы ага соттук өкүм угузулгандыктан, кайра артка кайта албайт.
Ал эми Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн соттук териштирүү жүруп жатса, Канат Исаевдин соту башталганы турат.