22:27
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Зыяратчылардын алгачкы тобу 7-августта Меккеге сапар алат

Зыяратчылардын алгачкы тобу 7-августта Меккеге сапар алат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. 

Алардын айтымында, зыяратчылардын бир тобу визаларды алып, учуп кетүүгө даяр. 

Алгач Бишкектен үч аба каттамы учат. Андан кийин 12 каттам Ош шаарынан жөнөтүлөт.

Жалпысынан 4 миң 585 киши ажылыкка жөнөп жатат. 

Эң көп окулган жаңылыктар