14:16
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Садыр Жапаров соттон саясый кысымга жол бербей, адилет чечим чыгарууну суранды

Садыр Жапаров соттон саясый кысымга жол бербей, адилет чечим чыгарууну суранды. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдакы депутатына козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүүдө акыркы сөздөр айтылды.

Жабырлануучу Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровго доосу жоктугун дагы бир жолу кайталап, бирок, бул иштин акыйкат тергелишине кызыкдар экендигин билдирди.

«2007-жылы мени барымтага алган митинг атайын даярдалбаганы, баары кокус келип чыкканы аныкталды окшойт. Биз Садыр Жапаров күнөөлүү экендигине ишенсек дагы сотто ага далил жетиштүү эмес болсо, анда акталуу керек деп эсептейм» - деди Эмил Каптагаев.

Садыр Жапаров өзү сөзүндө айыптоонун бир да күбөсү аны митингдин уюштуруучусу катары көрсөтпөгөндүгүнө басым жасап, соттон актап өкүм чыгарууну суранды.

Отурум 31-июлда уланат. Соттук өкүмү күтүлөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар