11:22
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте эшик басып калган бала оорууканага жеткирилди

Бишкекте «Асанбай» кичирайонунун Сухэ-Баатыр көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн астанасындагы эшик жети жашар баланы басып калды. Бул тууралуу маалыматты шаардык ИИБынан ырасташты. 

Алардын маалыматында, 2010-жылы төрөлгөн бала ар кандай сынык менен шаардык балдар оорууканасына жеткирилди.

«Эшикти ким койгондугу такталып жатат. Жумушчулар ишти аягына чейин бүтүргөн эмес окшойт», — деди шаардык милициядан. 

Эң көп окулган жаңылыктар