04:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Алмазбек Атамбаев: Намазга жыгылып, пешенени жара бербей илим менен алектенгиле

«Намазга жыгылып, пешенени жара бербей илим менен алектенгиле», — деди президент Алмазбек Атамбаев  бүгүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде.

Өлкө башчысы бюджеттик каражаттын 24 пайызын билим берүү тармагына жумшаларын белгилеп өттү.

«Дүйнөдө бизден башка бир да мамлекетке мындай жок экен. Биз үчүн эң башкы байлык -адамдар.  Билимдүү, күчтүү атуулдар - биздин келечегибиз. Мен дайым илимдин бир сааты түнү бою намаз окуганга барабар экендигин кайталап келем. Кечке намазга жыгылып, пешенеңерди жара бербей, аалам жана тарыхты окугула. Ошондо дин менен араб маданиятын ажырата аласыңар», — деди мамлекет жетекчиси.

Эң көп окулган жаңылыктар