11:27
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Президенттин ишинин кепилдиги тууралуу мыйзамды текшерүү токтотулду

Президенттин ишинин кепилдиги тууралуу мыйзамды текшерүү токтотулду. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Клара Сооронкулова билдирди.

Анын айтымында, Конституциялык палата «КРнын президентинин ишинин кепилдиги» мыйзамынын 1-4- беренесин текшерүүнү токтотту. Чечимди бүгүн Жогорку соттун конституциялык палатасы кабыл алды. 

4-беренеде Башкы прокурор мамлекет башчысынын кадыр баркын коргоору айтылган.  Бул жобонун мыйзамдуулугун текшерүү сунушу менен Конституциялык палатага Клара Сооронкулова кайрылган. Анын кайрылуусу каралып бүткөнчө, Zanoza интернет басылмасына каршы соттук териштирүү токтоп турушу керек болчу. 

Бирок, 19-июнда Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Нарын Айып жана Дина Масловалар кайрылуусун кайтарып алышкан. 

Эскерте кетсек, Zanoza сайты Башкы прокуратуранын президенттин аброюн коргоо боюнча берген баардык доосуна утулду. Редакция Алмазбек Атамбаевге 24 миллион төлөп бериши керек. 

Эң көп окулган жаңылыктар