«Хизб ут-Тахрир» партиясынын Кыргызстандагы жетекчилеринин бири соттолууда. Биринчи май райондук сотунда Тынычбек Т. аттуу жарандын иши каралып баштады.
Тергөөнүн билдирүүсүндө, ал диний экстремисттик уюмдун Кыргызстандын жетекчисинин орун басары болуп саналат. 38 жаштагы жаран уюмдун облустук бөлүктөрүн көзөмөлдөгөн. Ал 2013-жылы социалдык тармакта «Хизб ут-Тахрир» баракчасын ачып, өз катарына үгүттөгөн.
«Одноклассник» тармагындагы баракчасында Тынычбек кара түстөгү байрактын алдында түшкөн сүрөтүн жайгаштырган. Тергөөнүн бүтүмүндө, «Алладан башка кудай жок, Мухаммед биздин пайгамбар» деген жазуу түшүрүлгөн байрак «Хизб ут-Тахрир» партиясына тиешелүү.
Иш 13-июлда уланат.