21:07
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Исаков менен Шыкмаматов Текебаевдин сотуна көрсөтмө берүүгө келген жок

Исмаил Исаков менен Алманбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаевдин сотуна көрсөтмө берүүгө келген жок. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда түштөн кийин айыпталуучунун жактоочуларынын күбөлөрү суралмак.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдакы төрагасы Шералы Абдылдаев, мурдакы Коргоо министри Исмаил Исаков жана Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алманбет Шыкмаматов чакырылган.

Шералы Абдылдаевге иш козголуп издөө жарыяланган. Ал эми эки саясатчынын келбегенин себеби белгисиз.

Сото 11-июнда улантылат.

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон.

Өткөн жумада Леонид Маевский өзү келип, сотто көрсөтмө берген.

Эң көп окулган жаңылыктар