13:00
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов бошотулду

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов бошотулду. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылды.

Эскерте кетсек, Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотонов боюнча соттун өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Өмүрбек Текебаев тарапташтарын колдоосуна ыраазычылык билдирип, мыйзамсыз, жалган жалаа менен соттолгондордун баардыгынын иши кайра каралышы керектигин белгиледи.

«Соттун имараты өзгөрүптүр, сыртты эмес ичи да, соттордун ыйманы да өзгөрүшү керек», — деди ал.

Өмүрбек Текебаев партиянын штабында жолугушуу өткөрүүгө жөнөп кетти. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума